super.kg logo

ЮНИСЕФ Ирактан алып келинген балдарды коргоого, жеке жашоосун сыйлоого чакырат

 

Бүгүн, 16-мартта Ирактан 79 кыргыз бала атайын борт менен мекенине алып келинди. Балдарды кайтаруу өлкөдөгү бир катар мамлекеттик органдар жана Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

ЮНИСЕФ өкмөттүн бул ишин жогору баалай турганын уюмдун аймактык директору Афшан Хан билдирди. Айтымында, Ирактан кайтып келген бардык балдар үчүн үй-бүлөлүк шарттарды камсыздоо жана алардын башка балдардай эле кадыресе балалыкка кайта алышы үчүн билим алуусуна мүмкүн болгон шарттарды түзүү зарыл.

"ЮНИСЕФ балдардын укуктарын коргоо боюнча өзүнүн мандатынын алкагында жана куралдуу кагылышуудан жабыркаган балдарга жардам берүү боюнча көп жылдык тажрыйбасына таянып, Кыргыз өкмөтүн ушул гуманитардык операцияда колдоду. Мындан ары да бул балдардын өз үй-бүлөсүндө жана жамааттарда толук интеграциялануусуна колдоо көрсөтө бермекчи.

ЮНИСЕФ жалпыга маалымдоо каражаттарын бул балдарды коргоого, алардын жеке жашоосун сыйлоого, ар кандай басмырлоолордон же стигмалардан алыс болууга чакырат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.03.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш балада куноо жок! Куноо ата энесинде..
TIMON_BERKOWITZ түзөттү 2021-03-16 22:43:09
16.03.2021. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куноонун баары бейишке чыгабыз деп алданып жургондордо ошол ИГИЛда.
Mirlan27011987 түзөттү 2021-03-16 23:23:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: