super.kg logo

Прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырат

 

Прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган.

Прокуратура органдары аталган шайлоодо мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет булактарына жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүүдө.

"Үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга, таратууга мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматчылар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иши менен аракеттенген уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, өспүрүмдөр, чет өлкөлүк жарандар, уюмдар, жарандыгы жок адамдар укуксуз экендигин Башкы прокуратура эскертет.

Өз учурунда прокуратура жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоого же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасоого, кандай гана формада болбосун шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынгандыгын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына түшүндүрүп, мыйзам талаптарын так сактоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: