super.kg logo

"Өлүм жазасына тартылгандары бар". Ирактан алып келинген кыргыз балдарынын энелери Багдаддын түрмөсүндө калганы белгилүү болду

 

Кечээ, 16-март күнү Ирактан 79 кыргыз бала мекенге алып келинди. Балдардын мындан кийинки тагдыры кандай болот? Энелери кайда? Ушул суроолор менен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага SUPER.KG порталы байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Балдар бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан атайын даярдалган реабилитациялык борбордо. Алар менен медициналык кызматкерлер, психологдор иш алып барышат. Бул жагынан мамлекет эң туура камкордук көргөн. Мындан кийинки иш-аракеттер эң биринчи балдардын документтерин калыбына келтириши керек. Кыргыз өлкөсүнөн тышкары төрөлгөн балдарга документтерди даярдоонун жаңы жолдорун колдонсок жакшы болот. Мындай жолдор мурун Казакстан, Өзбекстанда, Тажикистанда практикаланган. Алар балдарды документтештирүү жагын ыңгайлуу кылып чечишкен.

Балдар туугандарына берилип, үй-бүлөдө чоңойгондору жакшы. Буга чейин мамлекет тарабынан иш-чаралар жүргүзүлгөндө, туугандары менен да түздөн-түз сүйлөшүүлөр болгон. Ата жана апа тарабынан туугандары макул болгондор менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, туугандары балдарды кабыл алууга дээрлик бардыгы даяр.

Алып келинген балдардын энелери Багдаддын түрмөсүндө калышты. Алар ар кандай мөөнөткө жазага тартылышкан. Арасында өлүм жазасына тартылгандары бар. Бул деген Кыргыз өлкөсү менен Ирактын ортосунда гана эмес, керек болсо эл аралык деңгээлдеги көп тараптуу маселе. Бириккен улуттар уюмунун, балдардын укугун коргоо комитеттеринин деңгээлинде иш алып баруулары зарыл. Бул көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилет. Себеби бир гана Кыргыз өлкөсүнүн аялдары эмес, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн ар кандай тагдырга дуушар болуп барып калган аялдар Ирактын түрмөлөрүндө кармалып турушат. Бул маселе көп тараптуу, өтө жогорку деңгээлде чечилиши зарыл", - деди Абдирасулова.

Белгилей кетсек, балдар 16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен.






Садыр Жапаров Таласта митингге чыккандар менен жолукту

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
17.03.2021. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окунучтуу. Кыргыздар жалган ишенимдерге азырылып кетишти. Эгер мындан сабак албасак, тарых кайталана берет. Адам жаратылышынан ишенчеек жан болот. Ошону жакшы тушунгондор азыр саясатында, динде деле элдин массасын озуно пайдасына колдонуп жатышат.
17.03.2021. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Алданбагыла аялдар...Сирия,Иракка барсанар аягы ушул.
17.03.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен эч нерсеге тушунбодум неге барып калышкан бул кандай ьалдар ал аялдар неге олум жазасына чейин тартылды
17.03.2021. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
jaz99, Сирияда согуш болгондо секталар аялдарды, уй-булолорду азгырып ошол жакка алып кетишкен. Алар ал жакта эмне мн алек болгону белгисиз. Ошол жакка кеткен аялдардын балдары. Аларды согушка катышканы учун ж.б ар кандай кылмыштарга катышканы учун Багдаддын турмолорундо камап коюшкан. Аларды бул жакка алып келбеш кк, лучше ошол жактан турмодо чирип же олгондору жакшы. Алар психикасы бузулган сектанттар.
17.03.2021. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erlan_95, болор иш болду эми балдарда күнөө жок , энелерин жолотпош керек
17.03.2021. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2-3 миң доллар айына берет экен дешип алданышып, жеңил ойлуулук, ою кыска адамдар кетишкен Ирака жана Сирияга. Эркектер согуштан өлүштү, тирүү калса дагы артка эч качан чыга алышпайт! Аялдар болсо зордуктоого кабылышат! Качып чыкканга аракет кылгандарды ушинтип өлүм жазасына тартып, атып салышат!
17.03.2021. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Улуттарын да кошо жазсаңар көбү эле тигилерден болуш керек
17.03.2021. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш балдар жаш тайынан согуш корушту,балким олумдорду корду,кан корду психикасы бузулду,келечеги кандай болот?ыйлагын келет.....
18.03.2021. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул балдарына татыктуу тарбия берип, элдин керегинк жараган мыкты инсандарды чонойтсонор мына ошол бакыт,мына ошол бейишго урматтуу ата-энелер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: