"Ташиев бекем позицияда". Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүү оор өтүүдө
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүү оор өтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек аралары боюнча Тажикстандагы сүйлөшүүлөрү үч күндөн бери уланууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Бирок мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо, Кыргыз өлкөсүнүн делегация башчысы, мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич бекем позицияда турганы белгилүү болду", - деп жазды ал.
Буга чейин Тажикстандын Согди облусунун Ходжент шаарында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын өкмөттүк комиссияларынын кезектеги жыйыны болору кабарланган.









1 |