super.kg logo

500 тоогу күйүп кеткен фермер аял: "Эки баламды ушул ишкерлик менен багып келе жаткам"

 

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында сарай өрттөнүп 350 тоок, 150 жөжө күйүп кеткен. SUPER.KG порталы тооктору күйүп кеткен фермерге байланышып көрдү. Тоок фермасын эже-сиңди ачып, акыркы үч жылдан бери балдарын багып келе жатышкан. Фермер Мафтуна Шергазиева өрт бүгүн, 17-март күнү түнкү саат 03:30 чамасында башталганын айтат.

"Түнкү саат 03:30 чамасында башталыптыр. Биз ал убакта уктап жаткандыктан өзүбүз дагы кеч билип калдык. Өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан келип чыккан. Биз кеч билип калгандыктан, ӨКМ келгиче эле бардык тооктор күйүп кеткен.

Акыркы 3 жылдан бери эжем экөөбүз ушул ишкерлик менен алектенип келгенбиз. 60 миң сомдой чыгымга учурадык. Өзүм жолдошум менен ажырашып кеткем, 2 балам бар. Ушул ишкерлик менен балдарымды багып келгем. Негизи тоок бизнесинен жакшы эле киреше тапса болот.

Кимден көмөк сурамак элек. Эми кайра бизнести ордуна тургузамбы, билбейм, карап көрөбүз. Башыбызга жазылган иш экен да", - деди Шергазиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.03.2021. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Женген баатыр эмес, жыгылып кайра турган баатыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: