Сургут шаарында өрттөн каза болгон бир тууган балдардын сөөгү жерге берилди. Балдардын апасы келген жок
Орусиянын Сургут шаарында өрттөн каза болгон 9 жана 6 жаштагы балдардын сөөгү өлкөгө келип, Базар-Коргон шаарында жерге берилди. Бул тууралуу Базар-Коргон шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Ильяз Төлөнов билдирди.
"Сөөктөрү жерге берилди. Балдардын апасы келе алган жок. Ал эми балдардын атасы бул жакта болгон. Ал мектепте кароолчу болуп иштеп жаткан", - деди Төлөнов.
Буга чейин Базар-Коргон шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Ильяз Төлөнов балдардын сөөгү мекенге келе элек деп маалымат берген. Кайра байланышып, ал маалыматтарды четке кагып, жогорудагыларды айтып берди.
Эске салсак, буга чейин, 11-март күнү Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, 9 жана 6 жаштагы эки бала каза болгону маалымдалган. Алар Кыргыз жарандары болушкан. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси кырсык болгон учурда жумушта болгон.
