super.kg logo

Артём Новиков: "Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн окуу жайларга жана колледждерге милдеттүү түрдө тапшыруусун камсыздоо зарыл"

 

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө билим берүү, эмгекке орноштуруу, турак-жай менен камсыздоо жана андан аркы интеграциялоо маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Новиков кеңешмеде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга жана орто кесиптик окуу жайларга милдеттүү түрдө тапшыруусун камсыздоо зарыл экендигин белгилеген.

"Бизде мыйзам жүзүндө өкмөттүн деңгээлинде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн мамлекет тараптан турак-жай менен камсыздоо жаатында көптөгөн программалар кабыл алынган. Буга катар бүгүнкү күндө балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларда окутуунун кепилденген механизмдери, андан ары эмгекке орноштуруу кепилдиги жок. Ошол эле учурда энергетика, ветеринария, билим берүү тармагында адистердин жетишсиздиги орун алгандыгын айтып келебиз. Балдар мекемеден чыгарылган соң тармактык кызматтар аркылуу алардын келечек тагдыры жана эмгекке орноштуруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлбөйт", - деди Новиков.

Социалдык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү жашаган орду боюнча каттоого турууда, паспорт алууда кыйынчылыктарга туш болушат, мектептен алган билими ЖОЖдорго тапшырууга мүмкүндүк бербейт, ошол эле учурда турак-жай маселеси келип чыгат.

"Алардын сойкулукка, кылмыш дүйнөсүнө тартылышы тууралуу жаңылыктарды угуп таң калабыз. Эгерде мамлекет тараптан алардын жашоодогу ордун табуусуна шарт түзүлүп берилбесе, алар кандай кылышы керек?", - деди Артём Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине апрель айында балдар үйүнөн чыккан абитуриенттерди жогорку окуу жайларга тапшырууга тийиштүү деңгээлде даярдап чыгуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ал эми июль айында жатаканадан орун берүү менен ЖОЖдордо 100дөн кем эмес гранттык орун камсыздалууга тийиш. Колледждер жана кесиптик окуу жайлар ишканалар менен өз бүтүрүүчүлөрүн адистиктери боюнча ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгуусу зарыл. "Мыкты натыйжаларга ээ болгон балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү квоталардын алкагында чет элдик окуу жайларга жөнөтүлөт, кийин Кыргыз өлкөсүндө ишке орноштурулат. Биз кадрларды бөлүштүрүү тутумун, аны алгачкы баскычта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн калыбына келтирүүбүз керек", - деп жыйынтыктады Артём Новиков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.03.2021. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекет аларга стипендия төлөш керек. Бекер жашатыш керек жатаканада. Болбосо кантип окушат.
18.03.2021. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура пикир. Мен колдойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: