Өкмөт: "Өлкөдө күйүүчү майлар 60 пайызга камсыздалды, абал туруктуу"
Өлкө боюнча жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө жалпысынан 39 миң тоннадан ашуун күйүүчү майлар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60 пайызга камсыздалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, күйүүчү майларга болгон орточо баалар түштүк аймакта – 1 литри 42 сомдон 45 сом 30 тыйын болсо, түндүктө 39 сом 90 тыйындан 40 сом 90 тыйынга чейин болууда.
"Өлкө аймагында айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү майлар менен камсыздоо максатында 13-январда Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү келишимине кол коюлган.
Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана май куюучу станцияларда күйүүчү майларды тийиштүү көлөмдө топтоп, май куюучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн.
Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куюучу жайларда 23 миң 200 тонна дизель отуну бар.
Жалпысынан республикада күйүүчү майлар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт", - деп жазылат өкмөттүн маалыматында.



1 |