18-мартта Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу убактылуу берилбейт

Эртең, 18-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаарынын 7-апрель, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта таза суу токтотулат. Буга жаз-жай мезгилине даярдануу максатында суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштери себеп болгонун Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Таза суу төмөнкү даректерде дагы болбойт:
• №99 кесиптик лицейи;
• "Алёша" жабык акционердик коому;
• "Бишкек Нан” ачык акционердик коому;
• КВАНТ Х;
• "ДСМ" ачык акционердик коому;
• "Акмарал" дизайн кызматы;
• Транспорт башкармалыгы;
• №3 Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы;
• "Учкомбинат" ачык акционердик коому;
• Кыргыз Авто ВАЗ;
• "Дасмия" рестораны;
• Чүйдүн жогорку чыңалуудагы “Электр тармактары” ишканасы ;
• Медиафарм;
• "Кыргызмедтехника" жоопкерчилиги чектелген коому;
• Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасы;
• Илим жана бизнес эл аралык университети (мурдагы "Электротехник" ачык акционердик коому);
• Горький көчөсүндөгү басмакана;
• “Эсептөө жабдуулары жана автоматташтыруу каражаттары” жоопкерчилиги чектелген коому;
• "Айданфарм" жабык акционердик коому;
• "Алкар Авто" жоопкерчилиги чектелген коому;
• "Клин-Скин " корей косметикасы;
• "Нисси " тигүү ишканасы;
• Горький көчөсүндөгү №3а дарегиндеги редакция;
• Горький көчөсүндөгү №1а дарегиндеги жеке ишкана;
• "Триод" жоопкерчилиги чектелген коому;
• “Керамин” жоопкерчилиги чектелген коому;
• “Биксер Спорт” дүкөнү;
• "Төкөлдөш" конушу;
• "Имхотек" жоопкерчилиги чектелген коому;
• Авто тейлөө;
• Анкара көчөсүндөгү №3 дарегиндеги улуттук ашкана;
• Корея элдер үйү;
• Анкара көчөсүндөгү №3а/1 дарегиндеги продюсердик борбор;
• "Дубровский" рестораны;
• Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы;
• “Натурал пласт” жоопкерчилиги чектелген коом ;
• "Бамбук" ашканасы;
• "Алюмтехпласт" жоопкерчилиги чектелген коом;
• "Дордой Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун соода өкүлдөрү;
• "BULGAKOVS" тигүү ишканасы;
• "Чынар" мейманканасы;
• 7-апрель көчөсүндөгү № 4а дарегиндеги Кыргызстан эл аралык университети .
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн мекеме шаар тургундарынан алдын ала кечирим сурайт!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.