super.kg logo

Владимир Путин Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземине видеоконференция форматында катышты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Таластагы Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземине видеоконференция форматында катышты. Анда президент Садыр Жапаров аталган алтын комбинаты Кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү роль ойноорун баса белгилеп өттү.

"Биз ар дайым кыргыз рыногуна Орусиянын инвесторлору келгенине кубанабыз. Учурда Жер-Үй эң ири инвестициялык объектердин бири. Биздин бирге ишке ашырып жаткан долбоорубуз Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына чоң салым кошот деп ойлойм", - деди президент Садыр Жапаров.

"Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын ишке кириши Кыргыз өлкөсү-Орусиянын экономикалык байланыштарында, ошондой эле эки өлкөнүн башка алакаларында маанилүү ролду ойнойт. Биргеликте ишке ашырып жаткан долбоорубуз ийгиликтүү ишке кирди", - деди видеоконференция учурунда Владимир Путин.

Жер-Үй алтын кени – Талас районундагы Кара-Ой кыштагынан 26 чакырым аралыкта, Талас кырка тоосунун Түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205-3710 метр бийиктикте жайгашкан. 1974–1984-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кору бекитилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.03.2021. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москвада болсо кыргыздарды жапырт текшерип атат депорт же беш минден штраф салып атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: