Өлкөдөгү ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачуу пландалууда
2022-2023-окуу жылында өлкөдөгү ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, медициналык кабинеттерди ачуу жана мектептин штабына медайымды киргизүү ар кандай оорусу бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
"Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана концепциясын иштеп чыгууда ушул кезде дары-дармектерди кабыл алуу жана инъекцияны алуу үчүн зарыл болгон шарттардын жоктугунан жалпы билим берүү уюмдарына бара албай жатышкан ар кандай оорусу бар адамдардын айрым категорияларынын билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе өзүнчө каралган.
Мисалы, кант диабети бар балдар, эгерде үйрөтүп-окутулган персонал жана инъекцияны алуу же аны өз алдынча жүргүзүү үчүн орун болсо мектепте окуй алышат. Ошондой эле талма оорусу кээде эле кармап калган балдар, эгерде мектепте медициналык кызматкер болсо кадимки класста окуй алышат.
2022-2023-окуу жылында ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачуу, жабдуу жана медайымдын ставкасын (0,25тен 1 ставкага чейин) киргизүү пландалууда, ошол эле учурда медициналык кабинеттерди жабдууга 386 миллион 700 миң сом көлөмүндө кошумча каржылоо зарыл.
Жалпы билим берүү уюмдарында ачылган медициналык кабинеттердеги медициналык кызматкерлердин эмгек акысы 232 миллион 100 миң сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.
