Туристтерди тартуу максатында... Жакында Екатеринбург-Тамчы сезондук аба каттамы ишке кирет
Жай мезгилинде Екатеринбург-Тамчы сезондук аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Алдын-ала түзүлгөн макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы туристтик алмашуу үчүн шарттарды түзүү, жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына дагы аба каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашуу жетишилди", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.