Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керек

Билдирүүдө жазылгандай, белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин декларациясын өз убагында же эч тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге юридикалык баа берүү үчүн материалдар чогултулуп, прокуратура органдарына жиберилет.
"Салыктык декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин - 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү", - деп жазылат маалыматта.
Салыктык декларацияны катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө гана тапшыруу зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.