Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга түштү
Бүгүн, 18-мартка карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 964 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 18-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 964 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 169 метр куб, агып чыгышы 660 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Мындан эки күн мурун, тагыраагы 16-мартта суу сактагычта 9 миллиард 51 миллион метр куб суу бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Адамдар "суу аз калыптыр эмне болот"- деп ойго батып. Өзү свет да өчүп жатат 2 күндөн бери Өзгөндө. Супер инфо сурап бериңиздерчи сураныч түнү 00:30 дан 05:00 го чейин өсүп жатат.