super.kg logo

Ошто коммуналдык чарба кызматкерлеринин майрамына волейбол мелдеши уюштурулду. Кимдер жеңди?

 

Кечээ, 17-мартта Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы спорттук иш-чара менен белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, куттуктоо сөзүн айтты. Маалыматты Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

"Кандай гана кырдаал болбосун, күнү-түнү эл үчүн эмгек кылып, ак кызмат көрсөтүп келе жатасыздар. Пандемия учурунда да шаар тургундарынын жашоо шартына кам көрүп, күжүрмөн эмгегиңерди көрсөтө алдыңар. Сиздердин жасаган эмгегиңиздер баа жеткис. Тазалыкта, көрктөндүрүүдө, жарык, таза суу, жылуулук менен камсыздоодо бүт эмгекти жумшап, кыйын кырдаалдан алып чыгып кеткен кызматкер деп силерди билем. Ден соолукка кам көрүп, кесиптик майрамыңарды спорттук иш-чара менен белгилеп жатасыңар. Мындан ары да шаардын гүлдөп-өсүшү үчүн биргеликте эмгек кылып жүрө берели. Кажыбас кайрат, күч-кубат каалайм. Шаар тургундарынын жана жеке өзүмдүн атыман ыраазычылык билдирем", - деген шаар башчысы.

Волейбол боюнча уюштурулган мелдешке жалпысынан жети команда катышты.

1-орун - "Ош шаарынын муниципалдык турак жай" коммуналдык башкармалыгы;

2-орун - Ош шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты;

3-орун - "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: