Муфтийликке 8 адам ат салышат. Алар кимдер?









Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи кызмат ордуна талапкер катары 8 адам катталды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Шайлоо 5-апрелде өтөт. Муфтийликке талапкерлерди каттоо аяктады.
Талапкерлер:
Нурбек Токтогулов;
- Сайдамир Жейналиев;
- Султанали Гапуров;
- Убайдулла Сарыбаев;
- Шүкүр Исмаилов;
- Шакир Маматов;
- Нематилла Жээнбеков;
- Ниязали Арипов.
Андан сырткары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырса, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды. Муфтий жана кеңештин мүчөлөрү төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Токтомушев 12-февралда үй камагына чыгарылган.
Муфтийликке 8 адам ат салышат. Алар кимдер?


Жаны келгендерин деле беш манжасын казына матырып жибериши толук мүмкүн. Муфтияттын үгүт иштери жана дагы финансылык иштери мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөсө, аягы чоң чыр чатактарга алып барышы мүмкүн.
Жаны келген молдобуз эч качан Кыргызстандын ички, тышкы саясатына, билим, маданият тармагына башын салып, кийлигишпесин. Муфтият диний эрежелерди башка тармактарга тануулабаш керек. Динди танулоо, мажбырлоо сыяктуу корунуштор динден маанисин эл арасында томондотуп жиберет.
Дин менен саясат аралашып кетсе диндин баркы кетет. Муфтияттын адамдардын адеп ахлак ишин козомодогонго эч акысы жок. Акча байлык, кызмат дегенде муфтияттагылар деле бузулуп жататпайбы. Диндин баркын жонокой адамдар кетирбейт. Биринчи кезекте чала сабатсыз молдолор озудору кетирет жана алардын дааватын ылгабай ээрчигендер.