super.kg logo

Тажикстан менен болгон чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны болуп өттү

 

Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

"Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан делегация жетекчилери Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз ара толук түшүнүшүүсүн билдирди. Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды. Анын жүрүшүндө адистер Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча өз ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында, Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиевдин жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өткөн.

Анда эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондору ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленген.

Тараптардын макулдашуусу боюнча, Кыргыз өлкөсү жана Тажикстандын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргыз өлкөсүндө өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: