super.kg logo

Коронавирус жуктуруп алган канча медицина кызматкерлерине компенсация төлөнгөнү боюнча айтылды

 

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйында медицина кызматкерлерине компенсация берүү тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

“2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, 1 миң 137 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсация алды. Бүгүнкү күнгө чейин 2800 документ каралды. 930 документ даярдалган жана аларга 200 миңден берилет. 600дөн ашыгына компенсация берүүдөн баш тартылды. Бардыгы болуп 185 миллион сом компенсация төлөндү. 32 миллион сом каза болгон медицина кызматкерлеринин туугандарына берилди. Май айында 200 миң сом боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынган. Бирок 11-январь күнү номер биринчи токтом менен ал токтом күчүн жоготуп, жаңы токтом боюнча 75 миң сом каралган. Жер-жерлерде комиссия түзүлүп, алар чечим чыгарат андан соң компенсация берилет", - деди Каратаев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: