Карантиндик чектөөлөр кайра киргизилеби? Министрлик жооп берди
Бүгүн, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйыны болуп өттү. Анда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Нурболот Үсөнбаев "Карантиндик чектөөлөр жакын арада киргизилиши мүмкүнбү?" деген суроого жооп берди.
"Жеке коргонуу маселесин карабай жатабыз. Колду жууп, дезинфекция кылып жатабыз деп атабыз, бирок бет кап кийүү, аралыкты сактоо деген талаптар сакталбай жатат. Эч нерсе жасабай туруп карантиндик чаралар киргизилеби деген суроолор болуп жатат. Сактануу ар бир жарандын милдети катары болгондо, биз бул пандемияны жеңил ооздуктап алабыз. Өлкө боюнча чектөөлөр киргизилет деп күтүүгө болбойт. Ар бир регион, чоң шаарларда атайын комиссиялар бар алар ошол жердин эпидемиологиялык абалын карап чыгып, ошого жараша чечим кабыл алышат. Аябай сураныч, ар бир жаран өзүн-өзү коргоп баштаса, пандемияны жеңип кете алабыз. Жоопкерчиликти күчөтүү зарыл", - деди Үсөнбаев.

Карантин карапайым эл үчүн элеби ?