Унаа номерине аукциондо 366 миң сом берилип, 49 миң 600 сомго сатылган. Буга Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берди



01KG 001 болгон VIP унаа номери 49 миң 600 сомго сатылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында маалымдалгандай, бул мамлекеттик номерди сатуу боюнча аукцион 4 жолу болгон, бирок номер сатылган эмес.
Алгач 2020-жылдын 24-ноябрында номерге аукциондо 366 миң сом сунушталган. Кийинки аукциондо 246 миң сом жана андан кийинкиде 292 миң сом сунушталган. Акыркы аукцион 3-мартта өтүп, анда номерге 332 миң сом сунушталган жана бул номер сатылган эмес.
Учурда сайтта 01KG 001VIP номери баштапкы баасы 62 миң сомдон башталганы менен мамлекеттик номер 49 миң 600 сомго сатылды деген маалымат бар.
Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганыбызда төмөндөгүлөрдү билдиришти:
"01KG 001 VIP номери 2020-жылдын 24-ноябрында аукционго коюлган. Анда 366 миң сом сунушталган, бирок утуп алган адам номерди сатып алып кеткен эмес. Ошол себептен кайра аукционго коюлган. Кийинки аукциондордо 246 миң сом, 292 миң сом жана 3-мартта өткөн аукциондо 332 миң сом сунушталган. Бирок сунуштаган адамдар жогоруда көрсөтүлгөндөй номерди алып кеткен эмес.
Эгер бир номер 3 ай аукциондон өтпөсө, ал номер автоматтык түрдө аукционсуз сатыла турган номерлердин катарына түшөт жана баштапкы баасынан 20 пайыздык арзандатуу менен сатылат. Ошондуктан 62 миң сом эмес, 49 миң 600 сомго сатылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан









1 |