super.kg logo

Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 500 миң долларлык медициналык жабдууларды берет

 

Бүгүн президент Садыр Жапаров Сауд Арабия мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда аталган мамлекет Кыргыз өлкөсүнө 500 миң долларлык медициналык жабдууларды берери белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышкан.

Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Арабия өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин колдоорун айтып, ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө жардам катары болжол менен 500 миң долларлык медициналык жабдууларды өткөрүп берери жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканына канааттанганын айтып, мындан ары да бекемделишине терең ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Абдурахман бин Саид Аль-Жуманын Сауд Арабиянын Кыргыз мамлекетиндеги туңгуч элчиси катары эки тараптуу кызматташуунун учурдагы жетишкен деңгээлине - өлкөлөр аралык бекем саясий мамилелер түзүлүп, маданий-гуманитардык алакаларды өркүндөтүү боюнча иштердин жигердүү жүрүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, кыргыз-сауд кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири — соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Бул багытта тараптарда реалдуу потенциалдар бар, бирок эки өлкө ортосунда аба каттамдарынын жок болгондугунан улам соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөн болуп жатат.

Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Сауд Арабиясы менен соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачууну сунуштады.

Ошондой эле президент Сауд Арабияны маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды.

Эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы мамлекеттик сыйлык "Данакер" ордени менен сыйлады.

Элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума мамлекет башчысына Сауд Арабия королу Салман бин Абдул-Азиз Аль Сауддун жана мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман Аль Сауддун саламын жеткирди.

Ал Садыр Жапаровго анын Кыргыз өлкөсүндөгү дипломатиялык ишмердүүлүгүнө жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы алакаларды бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыймыктанарын баса белгиледи.

Элчи эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, Сауд Арабия бул алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар жакынкы мезгилде Сауд Арабиясында эки мамлекеттин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес форумун жана бизнес жарманкесин өткөрүү жөнүндө макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.03.2021. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун, инвесторлорду көөп көөп тартып завод фабрикаларды салгыла кыргызстандын экономикасын көтөрөлү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: