super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Билесиздерби, үй-бүлө менен кызыктуу кино көрүп отурсаң эле эротика деген балээси башталат. Мындайда эмне кылуу керек?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлө менен кино көргүм келбей калды" деген тема талкууга алынган.

Автордон: "Салам достор. Билесиздерби, үй-бүлө менен бир кызыктуу кино көрүп олтурсаң эле эротика деген балээси башталат.
Мындайда эмне кылуу керек? Мен 18ге чыкканыма көп болгон, дегеним жаш балдарга окшоп көз жумайын десең да этикага жатпачудай. Акыркы убактарда акырын гана чыгып кетип жатам. Сурайын дегеним, мындай учурларда силер эмне кылып кутуласыңар? Негизи эле үй-бүлөлүк кинолорго эротика сөзсүз керекпи?".

Пикирлер: "Бөлмөнүн ичинде сенден улуулар болсо, чыгып эле кеткен жакшы го же чоңдорду "силер чыгып тургула мен көрүп алайын" деш дагы кыйын, жубайың менен көрсөң боло берет үйрөнгөнчө...";

"Кичинекейибизде кино көрүп жатканыбызда эротикалык сцена башталганда калп эле жөтөлгүбүз келип же көзүбүз кычышып калат эле. Азыркы жаштар балээгеби. Балдарыңа "кой, уят мындай кино көрбө" десең кайра кызыгып көрүшөт. Ата-энеси жокто деле үйүңө досторун толтуруп алып көрүшөт. Менин оюмча балдарга көрсөтө бериш керек дейм. Көрүп-көрүп алышса кийин көрбөйт беле... "Койчу ошол эле нерсе да" деп кийин көрбөйт дейм. Эми бул менин жеке оюм";

"Бирөөлөрдүкүнө барганда ошондой кино болсо "ии, телевизоруңардын уяты жок го" деп коём. А үйдөн каналды которгончо шашам, кээде пульт таппай калганда качып кетем".

Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: