super.kg logo

Өкмөт минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салды

 

Өкмөт минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жазгы-талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде республиканын айыл чарба тармагын минералдык жер семирткичтер менен өз учурунда жана толук көлөмдө камсыздоо жана аларга карата баалардын жогорулашына жол бербөө максатында минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Жыл сайын жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана республиканын айыл чарба тармагын өз учурунда камсыздоого, республикага күз-кыш мезгилинде 30,0-40,0 миң тоннага чейин минералдык жер семирткичтер ташып келинет. Себүү иштери башталганга же 1-мартка чейин стратегиялык запас 45,0-50,0 миң тоннадан кем эмес жер семирткичти түзүш керек. Республикада аталган запас камсыздалганда, күздүк буудайга кошумча жер семирткич берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде республиканын айрым облустарында жер семирткичтердин запасын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоп жиберүү окуялары болгон.

Мындай окуяларга жол бербөө, минералдык жер семирткичтердин стратегиялык запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоо жана аларга карата бааны кармап туруу иретинде минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Аталган тыюу салуу эл аралык транзитти жана өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда, алты айлык мөөнөткө киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: