Ошто дайынсыз жоголгон бир өспүрүм табылып, 2 кылмыштын бети ачылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда, түнкүсүн интернет клубдарында ойноп отурушкан 42 өспүрүмдү кармады. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош ШИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан "Кароосуз балдар" аталышындагы профилактикалык иш-чара болуп өттү. Анын негизги максаты Ош шаарынын аймагында оор социалдык шарттарда жашаган балдарды аныктоо, тиешелүү жардамга колун сунуу болуп саналат.
Бул рейд өткөн үч күн аралыгында милиция кызматкерлери коомдук жайларда: соода түйүндөрүндө, базарларда, интернет жана түнкү клубдарда, өспүрүмдөр болушу мүмкүн делинген жер төлөө менен чердактарда болушуп, ал жерден табылган өспүрүмдөр менен маектешүүлөрдү өткөрүштү.
Рейд учурунда атайын учётко 8 өспүрүм коюлду, шаардык балдар комиссиясына кароо үчүн оор шартта жашаган 11 бала боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп, жөнөтүлдү. Дайынсыз жоголгон бир баланын жүргөн жери такталып, 2 кылмыштын бети ачылды. Түнкүсүн чоӊ адамдын коштоосу жок интернет клубдарында жүргөн 42 өспүрүм реабилитациялык борборго алып келинди. Бул балдар окуган тиешелүү билим берүү мекемелерине, социалдык коргоо тармагына 31 кат жөнөтүлдү. Өз балдарына тиешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата 21 протокол түзүлдү.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бул багытта ишти күчөтүү тапшырылып, өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу кылмыштардын жана өспүрүмдөргө карата жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер уланууда.


1 |