Эттин баасы 380 сомдон башталат. Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси дем алыш күндөрү өтөт
Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси 20-21-мартта өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айыл чарба жарманкеси өтчү даректер:
- Октябрь райондук администрациясы, 12-кичи район, Токомбаев - Жетикашкаева көчөлөрү;
- Биринчи Май райондук администрациясы, Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Свердлов райондук администрациясы, Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
- Уй эти - 390-405 сом;
- Жылкы эти - 380-390 сом;
- Кой эти - 400-405 сом;
- Тоок эти - 200-210 сом;
- "Царь" суу майы - 130-132 сом;
- "Лучазерное"суу майы - 130-132 сом;
- "Ласка" суу майы - 130 сом;
- Фирма жумурткасы - 75-85 сом;
- Үй жумурткасы - 90-95 сом;
- Кайыңды шекери - 56 сом, 5 килограммы 280 сом;
- Алма - 30-60 сом;
- Сабиз - 10-15 сом;
- Картошка - 22-27 сом;
- Пияз - 14-16 сом;
- Ун - 27-38 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.