super.kg logo

Кайсы ырды сүйүп угасыз? "Супер хитке" Айганыш Абдиеванын "Жүрөгүңүздө ким бар?" ыры кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын бейшемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Айганыш Абдиеванын "Жүрөгүңүздө ким бар?" клиби кошулду.

11-МАРТТАН 18-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Сайкал Садыбакасованын "Жакшы сөз айтчы мага" ыры эң аз добуш топтоду.

9-орун - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" композициясына буюрду.

8-орунга - Тата Уландын "Келатат жаштар" чыгармасы жайгашты.

7-орунду - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" видеоклиби камсыздады.

6-орунду - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клиби ээледи.

5-орунга - Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" клиби жайгашты.

4-орунду - Темир Назаровдун "Ойно, ойно" ыры камсыздады.

3-орун - Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Айгерим Расул кызынын "Роза" видеокомпозициясына буюрду.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Мирбек Атабековдун "Сүрдөтпөчү" ыры эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: