"Боз үй тигүү жарышы, аш фестивалы болот". Ош шаарында Нооруз майрамы борбордук аянтта белгиленет

Билдирүүгө ылайык, майрамдык иш-чара саат 10:00дө эстрада жылдыздарынын, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа менен башталат.
"Ошондой эле Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолот. Мындан тышкары кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүү сынагы, боз үй тигүү жарышы, аш фестивалы, улуттук спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.