super.kg logo

Орусиянын колдоосу менен өлкөдө мобилдүү китепканаларды уюштуруу мерчемделүүдө

 

Өлкөдө мобилдүү китепканаларды уюштуруу пландаштырылууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Роскызматташтыктын жетекчиси Евгений Примаков менен жолугушуусу болуп, бир катар долбоорлор талкууланды.

"Гүлнара-Клара Самат маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Кыргыз өлкөсүндөгү жаштардын жана эксперттик чөйрөлөрдүн катышуусунда интеллектуалдык жана дискуссиялык аянтча түзүү демилгесин көтөрдү. Орусия Кыргыз жергесинде мобилдүү китепкана уюштуруу боюнча элчиликтин сунушуна кызыгуусун билдирди. Роскызматташтык китеп фондун камсыздоо жана көчмө китепкананы жабдуу маселесин кароого даяр. Кыргыз мамлекетинин алыскы калктуу конуштарында билим берүүчү кинотасмаларды көрсөтүү үчүн көчмө кинотеатрдын иштеши жөнүндө маселе изилденет.

Ошондой эле Роскызматташтык Кыргыз жергесиндеги кесиптик-техникалык училищеде кыргызстандыктар үчүн IT технологиялар жаатында окутуу курстарын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн дагы карап чыгат", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: