Орусиядагы мигранттар үчүн карантин шартында берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктады

"Элчилик жагымсыз жагдайлардан алыс болуу үчүн Орусиянын аймагында өздөрүнүн миграциялык жүрүүсүн мыйзамдаштырбаган Кыргыз жарандары төмөнкү аракеттерди көрүүнү суранат:
1. Орусиянын аймагында жүрүү үчүн документтерди мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык тариздөөнү (убактылуу же туруктуу жашоого уруксат, белгиленген жарактуу мөөнөтү бүткөн миграциялык карта);
2. Зарыл болгон учурда жумуш берүүчү менен ишке жалдоо тууралуу эмгек келишимин жана контрагын узартууну;
3. Администрациялык укук бузгандыгы үчүн федералдык аткаруу органдары, алардын мекемелери, түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык органдары тарабынан салынган айыптарды жана башка айыптарды төлөөнү;
4. Орусиянын аймагынан административдик жол менен чыгаруу жөнүндө мурда кабыл алынган чечим чыккан учурда өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүнү;
5. 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейинки паспортунун жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурда чет өлкөлүк паспорттогу (загранпаспорт) мөөрдү акысыз бастырып алуу үчүн же ID-картага маалымдама алуу үчүн Орусиянын аймагындагы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бирине кайрылуусун өтүнөт.
Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын ортомчулардын кызматын пайдаланбоого чакырат".
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүк жарандарга миграциялык жеңилдиктерди берген болчу. Анын негизинде Орусиянын аймагында мигранттарга миграциялык документтеринин мөөнөтүн узартуу талап кылынбайт, мөөнөтү узартылбаган документ менен жүргөн мигранттарга административдик чара колдонулбайт. Буга патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү документтер кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.