super.kg logo

"Мен өзүмдү эң бийик сезип турам, Корком, корком, эх, андан кулагандан..." Белгилүү акын Зайырбек Ажыматовдун жаркын элесине арналган спектакль көрсөтүлдү

 

Капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан акын, журналист маркум Зайырбек Ажыматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган "Жүрөктөгү бороон" аталышындагы спектакль көрүүчүлөргө тартууланды.

Аталган спектаклди көрүүчүлөргө "Учур" жаштар театры даярдаган.

Башталганда эле акындын аруу, ыр дүйнөсүнө жетелеген бул чыгармасы көрүүчүлөрдүн купулуна толду өңдөнөт. Дегеним жалпы зал спектаклди бир дем менен көрдү.

Спектаклде акындын бала чагынан баштап, көзү өткөнгө чейин жазган ырлары жаңырып, ар бир көрүүчү акындын жашап өткөн жолун, анын күнгөйү менен тескейин бирге татты. Аягында Зайырбек Ажыматовдун досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди жоктогон ыры жаңырып, көпчүлүк көрүүчүлөр көзүнө жаш алды.

Зайырбек Ажыматов көзү тирүү болгондо 12-майда 45 жашка толмок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: