super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов: "Жубайымды көзүмдү жумуп туруп алып алгам"

 

Кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү диктор Бактыбек Мамытов жубайы Жамийла Омокеева менен SUPER.KG порталына кызыктуу маек куруп берди. Бирге жашаганына жарым кылым болгон жубайлардын көздөрүнөн дагы деле бири-бирине болгон жылуу сезимдин учкундары чачырап турганын көрдүк. "Жубайымды көзүмдү жумуп туруп алып алгам" деп тамашалаган диктор төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Жаш кезде ар кандай кыялданасың да. Бактыма бирөө туш келээр деп эле жүрчүмүн. Анан Жамийла окууга тапшырып жүргөндө көрүп калдым. Көзүмө дароо эле кара тору, көздөрү музоонукундай бакырайган кыз көрүндү. Менден башка деле балдар көз салып турса керек. Менден мурда экзаменге кирип чыкты. Балдар жабылышып "канча?" дешсе, бул уялып бетине талонун тосуп, "беш" деп өтүп кетти. Кийин тайпалаш болуп калдык, андан кийин сүйлөшүп баштадык. Үчүнчү курста окуп жатканда баш коштук. Тагдырыма туш келгени ушул экен деп эле көзүмдү жумуп туруп алып алгам (күлүп)", - дейт Мамытов.






Бактыбек Мамытов: “Сүйүү менен курулган үй-бүлө бекем болот“

Автор: Гүлзада Абдрахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.03.2021. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торпоктукундай (тамаша)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: