super.kg logo

Улуттук статистикалык комитет: "Аялдар эркектерге салыштырмалуу 8 жылга узагыраак жашайт"

 

2020-жылдын 1-январына карата алынган статистикага ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 6 миллион 500 миң адам жашайт. Алардын ичинен 3 миллион 300 миңи аялдар жана 3 миллион 200 миңи эркектер. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин атайын иликтөөсүндө маалымдалды.

Кыргыз өлкөсүндөгү аялдар жана эркектер жөнүндө фактылар:

* Аялдар эркектерге салыштырмалуу 8 жылга узагыраак жашайт;

* Жыл сайын эркек балдарга караганда кыздар аз (100 кызга 105 эркек бала) төрөлөт.

* Бирок 40 жаштан баштап аялдардын саны эркектерге караганда көбүрөөк болору белгилүү болду;

* Ал эми 80 жаштан кийин аялдардын саны дээрлик 2 эсеге көп жана 100 аялга 55 эркек туура келет;

* 2019-жылы аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты, ал эми эркектердики 68 жашты түзгөн;

* Орточо эсеп менен алганда, эркектер айымдарга салыштырмалуу аптасына 5 саатка көп иштешет. Шаарда дээрлик айырмачылык жок: эркектер аптасына 43 саат, ал эми аялдар 41 саат сарпташат. Айырмачылык айыл жергесинде байкалат. Анда эркектер аптасына 38 сааттан, ал эми аялдар 30 сааттан иштешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: