super.kg logo

Кызыл-Кыяда мектепке барбай калган өспүрүмдөр аныкталды

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында окууга тартылбай калган өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Кароосуз калгандар”, “Селсаяк” аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты шаар аймагында кароосуз калган адамдарды, үйүнөн өз алдынча чыгып кетип, селсаяк болуп жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо.

"Милиция кызматкерлери шаар аймагындагы кароосуз калган жайларды, эски короолорду, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары кароого алынып, үймө-үй кыдыруулар уюштурулду. Жыйынтыгында жашоосуна кооптуу абалды жараткан 3 үй-бүлө аныкталып, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна кооптуу үй-бүлө катары кабыл алынды. Мындан сырткары мектепке тартылбай калган 3 өспүрүм аныкталып, керектүү маалыматтар жыйналды. Ал эми бузуулар кодексинин "ата-энелик милдеттерден качуу" беренесине ылайык, Кызыл-Кыя шаарынан 2 ата-энеге протокол түзүлүп, айып пулдар салынды", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: