super.kg logo

"Бишкекбашкыархитектура" ишканасы кайсы мекеменин карамагына карайт? Калаа башчынын жообу

 

Бишкектин "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын имаратында мамлекеттик жана муниципалдык органдын өкүлдөрү жана курулушчулар катышкан көчмө жыйынга премьер-министр Улукбек Марипов да катышты. Анда курулуш компанияларынын биринин өкүлү өкмөт башчыдан "Бишкекбашкыархитектуранын" маселеси боюнча суроо узатты.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын маселеси үч жылдан бери чечилбей келүүдө. Өкмөттүн токтому чыкканы канча болду? Эмне үчүн булар ары жакта эмес же бери жакта эмес? Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясына баш ийбейт, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине да баш ийбейт. Өзүлөрүнчө болуп жүрүшөт. Ушуну тезирээк чечип, тезирээк орду-ордуна койсоңуз", - деп кайрылган.

Марипов мэриянын өкүлдөрүнөн "Бишкекбашкыархитектура" Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүү жөнүндө токтом тууралуу тактады.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

"Жогорку Кеңештин чечими февраль айында чыгыптыр. Азыр комиссия түзүлгөн. Алар иштеп жатышат. Мында эч кандай маселе жок. Мүлк боюнча маселе бар экен, аларды биз өткөрүп беребиз", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: