Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардан кабар алды








Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта Ирактан кайтарылган балдардын жашоо-шарттарын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы мекеменин имараты, жатакана бөлмөлөрү, ашкана менен таанышып, балдарга кандай тамактар берилерин көрүп чыкты.
"Борбордо балдар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Аларга төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылышат. Тийиштүү адистер аларды туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоосуна кайтаруу боюнча иш алып барышат.
Садыр Жапаров чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн мамлекет тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалып, бардык ресурстар колдонуларын өзгөчө белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында, Ирактан кайтарылган 79 бала Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилген. Алардын ичинде 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала, 41 кыз бар.









1 |