super.kg logo

Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу дагы эки көчө убактылуу жабылды

 

Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу дагы эки көчөдө унаа каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-мартта эки көчөдөгү жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө даярдык иштери башталды. Алар:

  • Васильев көчөсү (Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейин);
  • Армия көчөсү (Чыгыш-5 кичи районундагы Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин).

"Мындан тышкары борбор калаанын вице-мэринин турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча протоколдук буйругуна ылайык, "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери "Мадина" соода-көңүл ачуу борборунан Шабдан Баатыр кең көчөсүнө чейинки 7-апрель көчөсүнүн жээгин оңдоп жатышат", - деп мэриядан билдиришти.

Ошондой эле быйыл "Бишкекасфальтсервис" ишканасы 16,5 чакырымга созулган көчөлөрдүн 27 тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрөрү да айтылды.

Белгилей кетсек, муниципалитет буга чейин беш көчөнүн оңдоо иштерин баштап, жолдорун жапкан. Алар:

  • Исакеев (Ауэзов көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейин);
  • Шевченко (Жибек Жолу кең көчөсүнөн Мичурин көчөсүнө чейин);
  • Левоневский (Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин);
  • Гражданская (Төрөкул Айтматовдон Курманжан Датка көчөсүнө чейин);
  • Каховский (Тимур Фрунзе көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейин).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: