"Жеңиш Молдокматов боюнча суроолор берилди". Эрлан Бекчоро уулу сурак берип чыкты
Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташы Эрлан Бекчоро уулу сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Күбө катары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, сурак берип чыктым. Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Кудайбергенов жана "Ханституцияга каршы борбор" боюнча суроолор болду. Тергөөнүн купуя сырын сактоо боюнча кагазга кол коюп бергениме байланыштуу, сурактын жүрүшү боюнча айта албайм", - деп жазды ал.
Кечээ Эрлан Бекчоро уулу социалдык тармактагы баракчасына суракка чакырылганын жазып чыккан.
Буга чейин Жеңиш Молдокматовго тиешелүү кеңсеге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн.
Эске салсак, Конституциянын долбооруна каршы уюштурулган митингге Эрлан Бекчоро уулу дагы катышкан.




1 |