Күн чыгыш өлкөсүндө кыргыз китеп борбору ачылды




Күн чыгыш өлкөсү болгон Японияда кыргыз китеп борбору ачылды. Бул тууралуу аталган өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендешибиз Чыңгыз Сүйүнбек уулу билдирди.
Анын айтымында, китепканадан түрдүү жанрдагы китептерди тапса болот, ошондой эле электрондук түрдө буйрутма берип алдырып окууга дагы мүмкүн.
"Ааламдашуу доорунда кыргыздар дүйнөнүн туш тарабына чачылды. Бул доорго туш келген өлкөбүздөгү каатчылык да ого бетер бир топ кыргыздарды мекенин аргасыз таштаттырып, ырыскысын, билимин жана бактысын четтен издегенге себеп болуп келүүдө.
Мезгил алмашкан сайын күн чыгыш өлкөсүндө мекендештердин саны өсүүдө. Ал сандын басымдуу бөлүгүн узак убакытка келгендер түзөрү да талашсыз. Бирок биз кайда гана жүрбөйлү, өз тарыхыбызды, каада-салтыбызды жана маданиятыбызды унутпашыбыз керек. Улуттук иммунитетти аздектеп, барктап, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз - биздин атуулдук милдетибиз. Ушундай жөнөкөй, бирок улуу ойлор себеп болуп, бөтөн жерде жүргөндөрдү улуттук көрөңгө жана Ала-Тоо менен байланыштырып турган көпүрө болсун деген тилек менен ушул китепкана уюштурулду", - деп билдирди мекендешибиз.
Ошондой эле китепкананын ачылышына Кылычбек Асанаалы уулу жана көптөгөн мекендештер салым кошконун айтып өттү. Мындан тышкары жаңы ачылган китепкананын сайты дагы иштелип чыккан.


1 |