Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта калуу мөөнөтү 25-майга чейин узартылды



Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралды.
Соттун чечими боюнча, Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта калуу мөөнөтү 25-майга чейин узартылды. Өзү журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.
Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалымдалган.
Аялдар эркектерге караганда 8 жылга узагыраак жашайт
Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Башында баары эле тазадай болуп эле келишет анан эле эмне болуп кетет түшүнбөйсүң. Же ак үйгө чычкан келемиштер толуп алганбы? Буларга билгизбей кымырып жешип атабы