Кээ бир аймакта кар жаашы мүмкүн. Эртеңкиге карата аба ырайы
20-марттан 22-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагынын тоолуу райондорунда, унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Эртең, 20-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…-7, күндүз +14…+19;
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус суук болот.
20-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +6… +7 градус, күндүзгү жогорку температурасы +16… +18 градус жылуу болот.
