super.kg logo

Айыл чарба министрлиги өзбек тарапка бир катар долбоорлорду сунуштады

 

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги өзбек тарапка бир катар долбоорлорду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы ортосундагы өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык чаралардын алкагында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан өзбек тарапка 9 инвестициялык долбоорлор концепциясы сунушталды. Тизмеге багбанчылык, балык чарбасы, өндүрүш жана этти, жүгөрүнү кайра иштетүү, соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорлор киргизилген.

Ошондой эле "Жол картасы" алкагында эки өлкөнүн тармактык министрликтери тарабынан тамеки, мөмө-жемиш өндүрүшү, мал чарбачылыгы, багбанчылык, бал аарычылык тармагындагы кластердик мамиле боюнча беш долбоордук концепция кароого киргизилген. Аталган долбоорлордун концепциясы айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспортту камтыйт. Бардык долбоорлор колдогу мамлекеттик жана жеке капиталдын базасында түзүлгөн.

Өзбек тарапка сунушталган аталган долбоорлор экономикалык максатка ылайыктуулугу боюнча тараптардын макулдашуусунан соң, Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондунун талаптарына жараша кайрадан таризделет. Учурда аталган фонд тараптан каржылоо механизмдери жана шарттары тараптар аркылуу макулдашылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: