super.kg logo

Өлкөгө COVID-19га каршы кытай вакцинасы келди

 

Кытайдан Кыргыз мамлекетине акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышты.

"COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргыз өлкөсү коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда", - деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Кытайдын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кытай тараптын кыргыз тарапка вакцинаны акысыз негизде берүү тууралуу чечими эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди билдирет жана кыргыз-кытай мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Вакциналар кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин ден соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенем", - деди элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.03.2021. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи болуп Марипов прямой эфирде озу алсынчы
19.03.2021. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
JaneEr, + бүт саламаттык сактоо министрлик кошо!
Mylatka.. түзөттү 2021-03-19 21:12:56
19.03.2021. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайга ишенич жок!көтөр нары тоок шорпоңду?
20.03.2021. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле карарайым калк кетет биринчи,аларды под опытный кролик кылат
20.03.2021. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок мен түшүнбөйм да,кытайлар нелерди гана кылышпады,илгери канча продукциясына төрөбөй турган нерселерин кошуп бизге жөнөтүп канча аял безплодный болгон,эми ковидди өздөрү баштап вакцинасын кайра эле өздөрү чыгарып дагы эле бизге сатып жатат.Менимче арзан берип жатат,чимкириктер өздөрү үй бүлөөсү менен россияныкын сайдырып бизге кытай боло берет деп жатышат.Сайдырбагвла эч кимин,пусть өздөрү сайдыра.берсин.Акмактар биринчи армиядакы солдаттар менен студенттерден башташат,айткыла сайдырбасын.
20.03.2021. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан арзан алып, анан кымбат көрсөтүп ортодон акча жемей да. Элди ойлогон эч ким жок бул жерде. Арканар ачылып өлсөнөр экен киминер кылып атсанар да. Кыргызды кыра албайсынар эч качан. Кыргыз кырылса сен да кошо кырыласын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: