Кадамжайда 10 миллион сомдон ашуун суммадагы мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды
Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан 10 миллион сомдон ашуун суммадагы мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы 2,3 гектар жер тилке жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктөрү менен жалпы баасы 10 миллион 258 миң 715 сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды.
"Аныкталгандай, 99,98 пайыз акциясы мамлекеттин менчигинде болгон "Айдаркен сымап" акционердик коомунун 2,3 гектар жер тилкеси 2003-жылдын 1-декабрындагы мыйзамсыз токтому аркылуу жеке менчикке өтүп кеткен. 2004-жылдын 12-мартында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган.
Райондук прокуратура жогорудагы токтом жана мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында жер тилкени жеке менчикке ажыратып берүү жөнүндөгү укук тастыктоочу документтер жараксыз деп табылган.
Ошентип 2021-жылдын 25-февралында кыймылсыз мүлктөр кайрадан "Айдаркен Сымап" акционердик коомунун менчигине кайтарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
