1-апрелге чейин бардык саламаттыкты сактоо мекемелери кычкылтек концентратору менен жабдылат
Өлкөдө дары-дармектерге болгон бааны көзөмөлдөө мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Артём Новиков акыркы аптада коронавирус инфекциясын жуктургандардын өсүү тенденциясы байкалып жатканын айтып, алдын алуу чараларын күчөтүү керектигин белгиледи.
"Республиканын аймагындагы дарыканаларда дары-дармектердин туруктуу көлөмү эки айлык муктаждыктан төмөндөбөшү керек. Дары-дармектерге болгон баалар мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө болот. Кийинки аптада биз фармацевтикалык бизнестин бардык өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөбүз.
Эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, бардык күчтөрдү жана каражаттарды жайгаштыруунун алгоритми болушу керек. 1-апрелге чейин бардык саламаттыкты сактоо мекемелери кычкылтек менен камсыздоо тутумуна кошулуп, алыскы же жарым стационардык саламаттыкты сактоо мекемелери кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы керек", - деди ал.
