super.kg logo

Мэрия тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошто Даун синдрому бар балдар үчүн борбор ачылды (сүрөт)

 
Ошто Даун синдрому бар балдарды тарбиялоочу борбор ачылып, мэрия тарабынан 144 миң сом жардам көрсөтүлдү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбордун ачылышы 20-март күнү орун алды.
Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды коомго аралаштыруу жана алардын ата-энелерин ар тараптан колдоо максатында "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан борбор ачылды. Ачылышка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, борбордогу ар тараптан колдоо багыты жеке көзөмөлдө боло тургандыгын белгилеп өттү.

"Борбор ачылганга чейин фонддун өкүлдөрү менен жеке жолугуштум. Мэрия тараптан колдоо болуп турат. Кыштын камын жазда көр демекчи, борбордун жылуулугун борбордук системге кошуу боюнча тапшырма берилди. Жакынкы күндө ишке ашат. Мэрия тарабынан 144 миң сомду жардам катары кабыл алыңыздар", - деди шаар башчысы.

Ошондой эле Таалайбек Сарыбашов борбордогу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылда өтүүчү окууга барып келүү чыгымдары да шаар мэриясынын колдоосунда боло тургандыгын кошумчалады.
"Сентерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова 2006-жылдан бери 21-март Даун синдрому бар балдардын эл аралык күнү катары белгиленип келе жатканын билдирди.
"Фонддо түштүк аймак боюнча 150 ата-эне бар. Ал эми Ош шаарынан 40 ата-эне катталган. Келечекте борбор балдарды коомго аралаштырууга, алардын жашоодо өз ордун табуу багытына колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле ата-энелерге жардам берүүгө өбөлгө түзөт", - деди Туратбекова.
Ачылыштын алкагында концерттик программа уюштурулуп, "күндүн балдары" өз таланттарын тартуулашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: