"Сосновка" өткөрүү бекети 9 ай ичинде 25,5 миллион сом чогултту
Чүйдөгү "Сосновка" өткөрүү бекети 2013-жылы 9 ай аралыгында 25 миллион 580 миң 414 сом чогултту. Бул тууралуу 12-октябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын директору Жаныбек Альязовдун айтымында, чогултулган каражат өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллион 532 миң 922 сомго көп. Чогултулган акчанын эсебинен Төө-Ашуу тоннели оңдоодон өткөнү айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

