super.kg logo

ТЕСТ: Чикит оюнун кимдер ойношот? Унутта калып бараткан оюндар тууралуу тесттен өтүңүз

 

Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамы. Кыргыз эли Нооруз майрамында жакшылыкка үмүт кылып, көзү өтүп кеткен жакындарына, жалпы арбактарга куран окушат. Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, "оору-сыркоо, кырсыктар болбосун" деп жакшылыкка тилек кылышат. Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири - сүмөлөк экени баарыбызга белгилүү. Ошону менен катар улуттук оюндар ойнолуп, өзгөчө шаң менен коштолот.

Бүгүн биз сиздер үчүн оюндар тууралуу тест даярдадык. Унутта калып бараткан оюндар тууралуу канчалык деңгээлде билесиз? Анда бул тесттен сөзсүз өтүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

Багалак деген эмне? Ал кыргыздын кайсы оюнунда колдонулат?

Багалак — абалактын синоними. Ал кулжанын, тоо текенин мүйүзүнөн төрт кырлуу жасалат. Ордо оюнунда колдонулуучу негизги куралдардын бири.

Кийинки суроо


Чүкө атмай оюнунда
Ордо оюнунда
Ак чөлмөк оюнундагы таяк

Сүрөттөгү кыргыздын кайсы оюну экенин билесизби?

Беш таш, топташ – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго 2ден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын 1-тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогорудан келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып утат.

Кийинки суроо


Таш чогултмай
Упай
Топ таш

Бул оюн кыргыз элинде гана эмес, Азия өлкөлөрүндө да ойнолуп келет.

Тогуз коргоол оюну бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири. Кыргыз өлкөсүнөн тышкары батыш Монголияда "Эсен коргол" жана Казакстанда "Тогуз кумалак" ат менен белгилүү. Бул оюн Орто Азия өлкөлөрүнөн башка түндүк-чыгыш Ооганстанда (Бадахшан), Орусияда (Алтай, Хакассия, Якутия, Татарстан жана Тува), батыш Монголияда жана түндүк-батыш Кытайда ойнолот (Үрүмчү, Жунгария).

Кийинки суроо


Шахмат
Нарда
Тогуз коргоол

Асел Турдалиеванын бул оюн тууралуу ыры бар...

Ак чөлмөк оюну күүгүмдө айдын жарыгында ойнолот. Оюнга катышкан балдар менен кыздар эки топко бөлүнүп, жыгачтан же сөөктөн жасалган ыргытылган чөлмөктү таап марага жеткирүү керек. Кайсы тарап тарттырып жибербей, марага жеткирсе ошол тарап утат.

Кийинки суроо


Ак чөлмөк
Бекбекей
Жашынмак

Бул оюндун аталышы...

Аркан тартыш оюну. Оюнчулар эки топко бөлүнүшүп, аркан оюн өткөрүлүүчү жерге коюлат. Аркандын ортосуна түстүү чүпүрөк байланат, жерге туурасынан үч сызык сызылат, ортоңку сызыктан четтеги сызыктардын аралыгы 2 метрге чейин болот. Оюнчулар тең эки топко бөлүнөт. Ар бир топтун оюнчулары бир оюнчудан кийин аркандын бир жагынан, калган оюнчулар дагы бир оюнчудан кийин аркандын экинчи жагынан кармашат.

Кийинки суроо


Аркан үзүү
Аркан тартыш
Жип чоюу

Оюнчулардын бирөө көзүн жумуп алып санайт, калганы жашынат. Бул оюнду эстедиңизби?

Жетекчи белгиленген жерде (мара) көздөрүн жумуп, дубалга же даракка сүйөнүп 40—50гө чейин үн чыгарып санайт. Санап жаткан маалда калгандары жашынып бүтүшү керек. Оюн жетекчиси санап бүтүп, көзүн ачып жашынган оюнчулардын бирөөсүн же бир канчасын тапса, ал табылган оюнчулардын аттарын катуу кыйкырып айтып марага алардан мурда жүгүрүп келүүгө тийиш. Эгерде марага оюн жетекчисинен мурда жүгүрүп келип колдору менен марага тийсе, кармалган оюнчулардын санына кошулбай, оюндун аякташын күтүшөт.

Кийинки суроо


Көз таңмай
Чикит
Жашынмак

Сүрөттөгү кайсы оюн?

Бул орто топ оюну. Эки жакта турган оюнчулар, ортодогуларды топ менен уруп алууга аракеттенишет. Ортодогу оюнчулар, белгиленген аянтчадан чыкпастан, ыргытылган топту өздөрүнө тийгизбей качууга тийиш. Эгерде ортодогулардын бирөөсүнө ыргытылган топ тийсе, ал оюнчу чыгып оюндун бүтүшүн күтөт. Ортодогулар калбай калгыча оюн улана берет.

Кийинки суроо


Качма топ
Орто топ
Топ ыргытуу

Чикит оюнун көбүнчө кимдер ойношкон?

Көбүнчө тестиер балдар. (9-12 жаш курактагы балдар) ойнойт. Узундугу 50 жана 10 сантиметр болгон жоондугу камчы саптай эки жыгач керек. Кичинекейи балек деп аталып эки учу учталып коюлат. Оюнду баштаган бала таяк менен балекти чабат. Оюнчулар түшкөн жерине балекти алып чикитте турган таякка тийгизиши керек.

Кийинки суроо


Тестиер балдар
Өспүрүм балдар
Кенже курактагы балдар

Алтын шакек учуп чык. Кайсы оюн тууралуу сөз болуп жатат?

Шакек салмай, шакек катмай, шакек жашырмай – кыргыздын элдик оюну. Көбүнчө улан-кыздар ойношот. Оюнчулар эки алаканын бириктирип, колун тизесине коюп, тегерете отурат. Оюн баштаган киши шакек салгандай түр көрсөтүп, отургандарды кыдырып чыгат. Шакек салган киши ордуна отуруп "алтын шакек, атып чык" дегенде, жашырган киши жанындагыларга карматпай тез ыргып туруп кетсе, ал кезекти алып оюнду улантат, эгер жагындагылардын бири кармап калса, ал "жазаланат" да, кайра ордуна отурат.

Кийинки суроо


Алтын шакек
Шакек бермей
Шакек салмай

Сүрөттөгү оюндун аталышы...

Балдар, кыздар ойношот. Оюн кийиздин үстүндө ойнолот. Эки топко бөлүнүп жети чүкөдөн ат калчанат. Ханга эӊ чоӊ чүкө тандалып алынат. Үч чүкө бир басым деп эсептелип, 30 басымга чейинки чүкө менен ойнолот. Чүкө канчалык көп болсо ошончо кызык болот. Ханды жана чүкөнү көп уткан тарап жеӊет.

Кийинки суроо


Чүкө
Чикит
Упай

Сүрөттөгү кайсы оюн?

Жоолук таштамай. Оюнчулардын бирөө отургандардын артынан айланып басып жоолукту билдирбей бирөөнүн артына таштап салып, айланып жүрүүсүн уланта берет. Эгерде артына таштаган жоолукту отурган оюнчу байкабай калса, жетекчи кайрадан келип жоолукту алып, байкабай калган кишинин жонуна жоолук менен ура баштайт. "Таяк" жеген оюнчу отургандардын артынан тегеренип жүгүрүп качып, кайрадан өз ордуна келип отурууга шашат. Эгерде качкан оюнчу жетекчиге жеткирбей качып келип ордуна кайрадан отурса, оюн жетек

Кийинки суроо


Жоолук таштамай
Кыз куумай
Кубалашмай

Бул оюндун кыргызча аталышы кандай?

Шашки оюнуна окшош. Фигуралар сөөктөн же жыгачтан жасалат. Адамдын акы-эсин, ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт

Кийинки суроо


Дойбу
Нарда
Шашки эле

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
21.03.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
17. Нооруз майрасынар кут болсун. Нооруз - бул ырыскынын, мээримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы болсун. Нооруз күнү биз үчүн Ата бабалардан мурас катары калган ыйык делинген ырым-жырымдар, салт санаабызды, каада салтыбызды кайра-калыбына келтирүү күн болсун демекчимин.
21.03.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мамлекет быйыл Ноорузду кенири масштабта уюштурушса жакшы болмок.
22.03.2021. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шашкини шашки эле дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: