super.kg logo

Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттукташты

 

Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти. Алар:

Казакстанды туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Ирандын президенти Хасан Рухани, Сауд Арабия Королдугунун королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Садыр Жапаровго жана анын жакындарына ден соолук, бакубат жашоо, ал эми кыргыз элине тынчтыкты, бакубатчылыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалашты.

Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Владимир Норов, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев дагы куттуктоо жөнөтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: