super.kg logo

Кыргыз студенттерине Орусияга кирүүгө уруксат берилди

 

Эпидемиологиялык абал жакшы делинген өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттерге Орусиядагы университеттерде окуусун улантууга уруксат берилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме берүү менен басылмалар жазышты.

"Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн буйругу менен чет өлкөлүк студенттерге, аспиранттарга, резиденттерге, даярдоо факультеттеринин студенттерине Орусияга окуусун улантуу үчүн кайтып келүүгө уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, "Роспотребнадзор" тарабынан коопсуз эпидемиологиялык абалы бар өлкө катары сунуш кылынган өлкөлөрдүн жарандары гана Орусияга окуу үчүн кире алышат. Учурда Кыргыз өлкөсү, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Вьетнам, Греция, Египет, Индия, Казакстан, Катар, Куба, Мальдив аралдары, Бириккен Араб Эмираттары, Сейшел аралдары, Сербия, Сингапур, Танзаниядан, Түркия, Финляндия, Швейцария, Эфиопия, Түштүк Корея, Түштүк Осетия, Япониядан келген чет элдик студенттер окууларын уланта алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: