"Жүрөгүнө массаж жасаганда эсине келди". Учакта кыргыз келиндин ымыркайын түрк дарыгери сактап калды
Түркиянын президентинин жеке дарыгери учакта кыргыз келиндин жүрөгү токтоп калган наристесинин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Дарыгер Режеп Шекер Бишкек-Стамбул каттамы менен сапарга чыккан.
Алынган маалыматка караганда, учак абага көтөрүлгөндөн жарым сааттан кийин эгиз наристелердин бири ооруп калган. Учактын экипажы дарыгерге абалы начарлаган наристени алып келип, жардам сураган.
"Учакка отурганда жүргүнчүлөрдүн бири ооруп калды. Мен аны карап жатканымда, стюардесса кабинанын арт жагында балдары бар аялга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Биз жакындап келдик, наристени колума беришти. Ал көк болуп, дем албай калыптыр. Анын жүрөгү токтоп калганы белгилүү болду. Мен жүрөгүнө массаж жасап, жасалма дем алдырдым, андан соң наристе өзүнө келди. Эгиздердин энеси түрк же англис тилин билбегендиктен, наристеге эмне себептен мындай болгонун билбейм", - деди дарыгер.




1 |